КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 0:07 | 24 аяк оона

Кыргызстанда 1 июлдан тарта жылуулук энергияга болгон тарифтер 28% өсөт

Дата: 10:18, 26-06-2014.

«Биринчи катталган адам турак жайдын жалпы аянты 35 м2 жылуулук колдоно алат. Экинчи жана андан кийин катталгандар 14 м2 жылуулуук корото алат. Нормадан өтүп кеткендер - 1557,25 сом/Гкал төлөйт», - деп түшүндүрдү башкармалык.

Департаменттин маалыматына караганда, «Бишкекжылуулуктүйүнү» ААК, «Кыргызкоммунсоюз» МӨ, «Бишкекжылуулукэнерго» КИ кызматынан колдонгондордун саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу жылуулук энергияга болгон тарифтерди жогорулатууга туура келген.

«Учурда 1300 жылуулук энергия эсептегичтер орнотулган. Башка тургундарга болсо,тарифтер, турак жайдын көлөмү жана ага катталган тургундар карап белгиленет

Ошондой эле департамент, өндүрүш бюджеттик жана башка керектөөчүлөргө жылуулук энергияга болгон тарифтер 2014 жылдын 1 июлунан баштап 1557,25 сом/Гкал болуп белгиленгенин маалымдады. Мурун болсо бул көрсөткүч 930 сом/Гкал түзгөн.

Поделиться новостью: