КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 3:44 | 21 тогуздун айы

Кыргызстанда 200 миңге жакын каттодон өтпөгөн жарандар бар

Дата: 14:50, 02-04-2014.

«Кыргызстанда көзгө көрүнгөн көйгөйлөрдүн бири - калкты каттоо. Бүгүнкү күнгө чейин, жарандарды каттоо прописканын негизинде жүрүп жатат .Миллионго жакын киши ички мигрант болуп жүрөт. Алар Бишкек жана Ош шаарларына келген ички мигранттар деп тактап айтсак болот. Эч качан эч жерде каттоодон өтпөгөн жарандардын саны күндөн күнгө өсүп жатат», - дейт Огниян Чампоев.

Анын айтымында, Кыргызстанда 200 миңге жакын аты жөнү жок каттодон турбаган (көрүнбөс) адамдар бар. Ошондой эле шайлочулардын тизмесинде жок жана социалдык жардамдарды альбаган миллионго жакын ички мигранттар бар.

«Адилет» укуктук клиника директору Чолпон Жакупованын айтымында, катоодо жок (көрүнбөс) адамдарга паспорт берүү жана аларды тиешелүү документтер менен камсыз кылуу биринчи кезекте мыйзамдын чегинде ишке ашырылышы керек. 2015 - жылкы шайлоого көбүрөөк киши катышышы үчүн, жарандардын көпчүлүгүнө документ берилиши керек. Жарандыгын тастыктоочу документ болгондо гана алар шайлоо укугуна ээ болушат.

«Биз жакынкы үч жылдын ичинде 300 кишиге жарандыгын тастыктаган документ берүү тууралуу бир долбоордун үстүндө иштегени турабыз. Долбоор буга чейин эч жерде каттоодо турбаган жарандар менен иш алып барат. Мамлекеттик каттоо кызматы менен бир топ көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Себеби, аларга даяр нерсени жасаган оң. Ошондуктан биз мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлерине жана паспорт столдун кызматкерлерине тренинг өткөрөлү деп жатабыз. Укуктук маданияттын төмөндүгү жана жарандардын маалыматтан кабарсыз калгандыгы да чоң көйгөй жаратууда», - деп кошумчалады Ч. Жакупова.

Поделиться новостью: