КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 15:06 | 26 аяк оона

Кыргызстанда 22 страус фермасы бар

Дата: 12:11, 28-02-2014.

Министрликтин статистикалык маалыматтарына караганда, өлкөдө 759 ветеринардык сервис, 222 ветеринардык дарыкана, мал союу боюнча 87 пункт, 38 аянт бар, 43 колбаса цехи, сүттү кайра иштетүүчү 60 цех, 5 эт комбинаты, шишкебек даярдоочу 113 жай, 82 мал базар, 26 балык чарбасы, 22 страус фермасы ишмердүүлүк кылат.

Белгилей кетсек, эки жылда экзотикалык канаттууну багуу 7 эсе өстү, 2012-жылы болгону 3 гана страус фермасы болгон.

КирТАГ буга чейин маалымдагандай, экзотикалык канатуунун баасы Кыргызстанда 2012-жылы 3 миң долларга чыккан. Ал эми, жумурткасы мындан эки жыл мурун 3 миңден сатылса, быйыл 4 миңге жетти. Ал эми, этинин 1 кг миң сомдон баланса, эми кг 1,5 миң сомдон сатылууда.

Айыл-чарба министрлигинин мал чарбачылыгы жана ветеринар башкармалыгынын башчысы Сулайман Мамаев билдиргендей, кыргызстандыктар страус багуу кирешелүү бизнес экендигин түшүнүп калышты.

Африканын канаттуусу кыштын суугунан коркпойт. Ал бир мезгилде 40тан 80ге чейин жумуртка тууйт, ар бир жумуртканын салмагы 2 кг.

Страус эти да кирешелүү. Аны көбүнчө чет өлкөлүк жарандар баалап, кымбат баалуу ресторандардан жешет. 1 жаштагы страус орточо 30-40 кг эт берет, ал эми жашы улуурак канаттуу 150 кг чейин эт топтойт. Африка канаттуусу 40 жылга чейин жашайт.

«Азыр фермерлер страусту тирүүлөй да сатып бизнес кылышат. Мындан тышкары, экзотикалык канаттууга экскурсия уюштуруп да акча табышат. Бирок, страус өтө агрессивдүү экендигин эскертишет», - дейт Мамаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанга биринчи жолу страусту 2002-жылы алып келишкен. 2012-жылы болгону 3 страус фермасы ачылып, анда 120 канаттуу багылган. Ал Аламедин районунда орун алган. Экинчиси, 10 страус менен Тоң районунда жана үчүнчүсү Панфилов районунда болгон. Анда 35 страус бар болчу.


Поделиться новостью: