КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 16:23 | 16 жетинин айы

Кыргызстанда апрель окуялары эскерилет

Дата: 12:08, 07-04-2014.

Ошто да эртең менен борбордук аянтта куран окулуп аза митинги болуп өттү.

Чүй облусунун олбусттук драма театрында «Жан ураан» аттуу спектакль коюлат. Спектакль 1986-жылы Казакстанда диктатурага каршы чыккан массалык митингди чагылдырат. Бирок автор спекталды Кыргызстандагы апрель окуяларынын деңгээлинде коюууга аракеттенген.

Апрель окуялары боюнча соттук териштирүүлөр, 2010-жылдын 17 ноябрында эле башталган. Сот иши бүгүнкү күнгө чейин аягына чыкпай келет. Апрель окуясына байланыштуу Курманбек Бакиев баш болгон 28 кишиге кылмыш иши козголгон. Алардын жетөөсүнө издөө салынган. Кыргызстандын экс-президенти Курман Бакиев жана анын жакын санаалаштарына  сырттан айып тагылган.

Алар бир канча адамдын өлүмүнө катыштыгы бар жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда.

Апрель окуясында жалпы октон 132 киши жабыркаган. Жабыркагандардын жалпы чыгымы5 млрд сомдон ашкан.

Поделиться новостью: