КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 10:07 | 16 жетинин айы

Кыргызстанда аялдардын жакырчылыгы өсүп, аял миграциясы күч алууда

Дата: 15:48, 26-05-2014.

«Кыргызстандагы аялдардын башкы көйгөйү - экономикалык жана табигый ресурстарга болгон чечим кабыл алуунун чектелиши. Ушул себептерден улам, аялдардын арасында жакырчылык жана миграция өсүүдө», - дейт Асылбекова.

«Мындан тышкары, аялдарга болгон гендердик басымдын жогору болгону, кыз ала качу жана эрте турмуш куруу» - деп кошумчалады серепчи.

Иликтөөлөргө караганда Кыргызстанда кеңеш жана мамлекеттик кызматтарда иштеген аялдардын саны азайганы байкалган.

«Мурун депутаттык шайлоого катышкан айымдар 14% түзгөн болсо, акыркы жергиликтүү кеңештерге болгон депутаттык шайлоого аялдарадан 13% катышкан. Ошондой эле мамлекеттик кызматтарда иштеген аялдардын саны да кыйла азайган. Мурун бул көрсөткүч 48% түзгөн болсо, бүгүнкү күндө болсо 40% түзүүдө», - деп маалымдады Асылбекова.

Поделиться новостью: