КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 7:38 | 21 жетинин айы

Кыргызстанда Баткен эли өтө жакыр жашайт

Дата: 09:56, 11-07-2014.

«Элдин жашоо турмушун материалдын абалын иликтөөнүн жыйынтыгына таянсак, 2013 жылы өлкө боюнча жакырчылыктын көрсөткүчү 37% түзгөн. Өткөн жылга салыштырмалуу пайыздык көрсөткүч төмөндөгөн. Шаардык поселкаларда жакырчылыктын денгээли 35,4% дан (2012 жыл), 28,5% га (2013 жыл) төмөндөгөн. Айыл жергесинде болсо, бул көрсөткүч с 39,6% дан 41,4% га өскөн», - деди Г.Самохлеб.

Анын сөзүнө караганда, 2013 жылы 2 млн 135 миң жаран жакыр жашаган калктын санын толуктаса, алардын 73,6% айыл жергесинин тургундары болгон.

Облусттар боюнча калктын жакырчылык денгээли Ысык-Көлдө - 39,5%, Ош - 43%, Баткенде 53,9%, Талас - 21,1%, Чуй - 23,6%, Нарын - 43,8% жана Жалал-Абад облусттарында - 46,4% түзгөн», - деп маалымдады ал.

Ал ошондой эле, материалдык киреше алып келетураган тышкы факторлорду эсепке албаганда түштүк региондордун калкынын жашоо турмушу начар экендигин билдирди.

«Эмгек мигранттарынын кирешелерин эсепке албаганда, жакырчылыктын көрсөткүчү Ош облусу боюнча 3,9 - 59,7%, Жалал-Абадда 46, 4 - 56,3%, Баткен облусунда 53,9% - 66,2% түзүүдө. Башка региондордо да бул көрсөткүч өзгөргөйбөйт», - деп түшүндүрдү ал.

Поделиться новостью: