КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 17:02 | 26 аяк оона

Кыргызстанда байчечекей 8-мартка үлгүрбөй калды, жаздын чабармандары бир аптадан соң гана гүл ачат

Дата: 15:17, 07-03-2014.

«Байчечекейдин 2 түрү бар, ак жана сары түстөгү. 20 жылдан бери байчечекей 8-мартка карата айымдарды кубантып ачып калчу. Эми алар кеч гүлдөп, мартын ортолоруна барып калууда»,  - дейт Султанова.

Анын сөзүнө караганда, соңку жылдары байчечекей гүлдөгөн аянт да кыскарып кетти.

«Бул гүлдү терүүдө тамыры менен жулуп алуунун кесепетинен болуп жатат. Мисалы, Чоң-Арык айылындагы Беспелдик аймагында мурда байчечекей жайнап өсчү, эми таппайсын», - деди эксперт.

Байчечекей-амариллис түрүнө кирген жазгы гүл. Негизинен, жаздын алгачкы күнүндөгү гүлдүн баарын байчечекей деп аташат. Ал түрүнө жараша3-4 жума гүлдөйт. Табиятта байчечекей көлөкөдө, тоо кыркаларында, бак-дарак далдасында өсөт, бирок ачык аймакты жакшыртат.

Поделиться новостью: