КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 20:27 | 26 аяк оона

Кыргызстанда I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ачылып жатат

Дата: 13:48, 09-09-2014.

Кыргызстан биринчи болуп Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өз өлкөнүн аймагында өткөрүүсүнө укук алды, себеби бул өтө сейрек учуроочу этникалык спорт жана туристтик долбоор Кыргыз Респубикасынын президенти Алмазбек Атамбаев менен көтөрүлгөн жана Түрк кеңешинин колодоосун алган.

Долбоордун өлкө-катышуучулары - Кыргыз Республикасы, Түркия Республикасы, Казакстан Республикасы, Азербайжан Республикасы, Өзбекстан Республикасы, Монголия, Тажикстан Республикасы, Орусия Федерациясы, араб аймагынын өлкөлөрү.

Оюндарда өзүнүн катышуусун Азербайжандын, Австриянын, Ооганстандын, Беларустун, Бразилиянын, Германиянын, Казакстандын, Литванын, Монголиянын, АКШнын, Тажикстандын, Түркменстандын, Түркиянын, Өзбекстандын, Швециянын, Түштүк Кореянын жана Орусиянын, ошондой эле Венгриянын жана ТАРдын спорт командалары тастыкташты.

Чолпон-Атадагы ат-майданында өткөзүлө турган ачылыш аземинде 7 миңден ашуун көрүүчүлөр күтүлөт.

Дүйнөлүк көчмүндөр оюндарын Кыргызстандын 120 журналистери, Кыргызстандын алдындагы өз өкүлү кылып дайындалган 20га жакын эл аралык ММКнын өкүлчүлүктөрү, ошондой эле 80ге жакын чет өлкөлүк журналистери айтып, жазып жана баяндап турушат.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасында спорттун 9 түрлөрү көк-бөү, тогузкоргоол, Кыргызкүрөшү, Алыш, Оодарыш, Ат-чабыш, Жорго-салыш, Кунанчабыш, Ордо, Кыз-куумай боюнча мелдешүүлөр өтөт. Ошондой эле оюндардын учурунда: тыйынэнмей, кулатуу, салбуурун элдик оюндары боюнча медалдар ойнотулат. Кыргызстанды ар бир түрүнөн эки командадан көрсөтөт.

Семёнов капчыгайынын Кырчын жайлоосундагы этникалык шаарчасы конокторду тосуусуга толугу менен даяр. Бул жерде 150 боз үй коюулуп, электр өткөрүлгөн, ички түзүмдүк объктер даяр - токтотмолор, меймандар тамактануу жерлер, ошондой эле маданий жана көрсөтмө спорттук чараларды өткөзүү үчүн атайын аянтчалар.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бүт маданий жана спорт чараларына кирүү акысыз.

Дүйнөлүк күчмөндөр оюндарынын башкы максаты аймактагы алакалашуунун бекемдөөсү, түрк тилдүү өлкөлөрүнүн бириккендиги, ата-бабалардын салттарындагы жана дүйнө элинин көчмөн маданиятындагы негизделген, саясий көз караштардын жыйындысынын өнүгүүсүнө олуттуу түрткү берүүсү болуп саналат.

Поделиться новостью: