КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 23:46 | 12 жетинин айы

Кыргызстанда илимдин докторлоруна караганда парламенттеги катчы айымдар көбүрөөк маяна алышат

Дата: 16:06, 01-12-2014.

Бишкек. 1-декабрь. КирТАГ – Бакыт Толканов. Кыргызстанда илимдин докторлоруна салыштырмалуу Жогорку Кеңештин аппаратындагы катчы айымдар көбүрөөк маяна алышат. Бул тууралуу КР улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев дүйшөмбү күнү маалымат жыйынында билдирди

«Илимдер академиясы 252 млн сом менен каржыланат, бул каражаттын негизги бөлүгү маянага, соцфонд төлөмдөрүнө жана коммуналдык чарбаны кармоого кетет. Жабдууга, экспедиция жана лабораторияларга акча бөлүнбөйт. Бизде илимдин докторлору айына 5-6 миң сом алып иштешет, институттун директорлору – 9,3 миң сом, академия жетекчилиги 16 миң сом айлык акы алат, ал эми Жогорку Кеңештин жана өкмөт аппаратындагы катчылар айына – 16 – 17 миң сомдон алышат», - деп нааразы болду ал.

Анын айтымында, совет мезгилинде тескерисинче министрлердин маянасы илимий институттун директорлорунукуна караганда төмөн болгон.

Поделиться новостью: