КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 9:40 | 15 жетинин айы

Кыргызстанда күйүүчү май кымбаттады

Дата: 11:54, 11-06-2014.

«Бензиндин АИ-80 үлгүсү 35,10 сом, АИ-92 38,30 сом, АИ-95 - 43,40 сом, АИ-98 47 сом жана дизель 41,80 сомдон сатылууда. Бүгүн күйүүчү майлардын баардык түрү 50 тыйынга кымбаттаган», - деп билдирет компания.

Компаниянын маалыматына караганда, оруссиялык нефтти кайра иштетүүчү заводдордун белгилеген баасынан улам өлкөдө күйүүчү май кымбаттаган.

Мунай өндүрүүчүлөр ассоциациясынын маалыматына караганда, Казакстандын «Луговой» станциясында Кыргызстанга жөнөтүлгөн 449 цистерна күйүүчү май кармалып турат.

Ассоциация өлкөдө күйүүчү май таңкыстыгы жаралбайт деп ишендирген эле. «Биз мурун бизде 80 миң тонна күйүүчү майдын запасы бар деп маалымдаган элек. Өлкө боюнча күйүүчү май менен камсыздоодо көйгөй, таңкыстык жаралбайт», - деп билдирген эле ассоциация.

Поделиться новостью: