КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 12:25 | 24 аяк оона

Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын 60% башталгыч билимге ээ эмес

Дата: 18:02, 03-07-2014.

«Теңдик» майыптар союзунун маалыматына караганда, Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын 80% нын билим алууга мүмкүнчүлүгү жок. Алардын 60% башталгыч билимге да ээ эмес.

«Үйдө «жардамга муктаж» баласы менен отурган энеге көңүл бурган, колдоо көрсөткөн киши жок. Мына ушундан көп көйгөй келип чыгып жатат. Мындан сырткары санитардык-гигиениялык каражаттар менен камсыздоо да бир топ маселелер бар», - деп маалымдады союздун жетекчиси Гүлмира Казакунова.

Ал, ошондой эле социалдык-медициналык комиссиядан өтүүдө мүмкүнчүлүгү чектелген жараyдар кыйынчылыкка дуушар болоорун билдирди.

Поделиться новостью: