КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 12:58 | 25 аяк оона

Кыргызстанда мергенчилике лицензияны жокко чыгарып, анын ордуна мергенчилик минимуму боюнча экзаменден өтүү киргизилет

Дата: 12:46, 29-01-2014.

«Мергенчилик чарбасы жөнүндөгү» мыйзам долбоору депутат Эсенгул Исаков тарабынан демилгеленүүдө. Документ КР токой жана административдик кодексине, «мергенчилик жана мергенчилик чарбасы», «жаныбарлар дүйнөсү», «айлана чөйрөнү коргоо», «курал жөнүндө» мыйзамдарына толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү алып келет.

Мыйзамда мергенчилик лицензиясын алып таштап, мергенчилик минимуму боюнча атайын экзамендик сынактан өткөн жарандарга күбөлүк берүү каралган. Күбөлүктө деңгээлине жараша даражалары да «А,Б,В» деп белгиленет.

Биринчи даража баардык мергенчилерге тийиштүү билимди тастыктай. Ошондой эле, документе уруксат берилген аймакта гана мергенчилик, аңчылык кылуу милдеттендирилет. Мындан тышкары, мыйзамда айып пулдун көлөмү 4 эсе жана жергиликтүү бюджетке, жана мергенчилик департаментинин казынасына төлөмдөр жогорулай тургандыгы белгиленген.

Сүрөт sinzhany.ru  сайтынан алынган.

Поделиться новостью: