КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 18:18 | 14 жетинин айы

Кыргызстанда пенсия курагына чейин эле каза тапкандардын саны өсүүдө

Дата: 14:33, 04-02-2014.

«Кыргызстанда пенсия курагына чейин жашабаган жарандардын саны көбөйдү», -  дейт ал.

Абулгазиевдин маалыматына караганда, кыргызстанда жылда 35-40 миң адам пенсияга чыгат.

«Бирок бул жылы пенсияга чыккандардын саны 30 миңди гана түздү», -  деп кошумчалайт.

Абулгазиев маалымдагандай, социалдык фонддо пенсияга чыкпай каза таап жаткандар туурасында так статистика жок. Бирок, жаңы пенсионерлердин саны кыскаргандыгын эске алсак, жаш курактагы жарандардын өлүмү өскөндүгүн айта алабыз.

«1996-жылдан тарта жеке кепилдик эсебин 80 миң адам ачкан. Алардын 50 миңи өлкөдөн чыгып кеткен. 30 миң эсеп өсүүсүз калган. Ошондо, 1996-жылдан бери 30 миңдей жаран пенсияга курагына жетпей каза тапкан», - дейт социалдык фонддун жетекчиси.

Сүрөт nash-dom.info сайтынан алынган.

Поделиться новостью: