КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 23:46 | 12 жетинин айы

Кыргызстандагы жашоонун орточо узактыгы 70 жашты түзөт

Дата: 17:39, 09-12-2014.

Бишкек. 9-декабрь. КирТАГ – Альбина Метерова. Кыргызстандагы жашоонун орточо узактыгы 70 жашты түзөт. Бул тууралуу президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын клиникасынын директорунун орун басары Гульмира Баитова шейшемби күнү билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча парламенттик комитеттин жыйынында билдирди.

«Учурда Кыргызстандагы жашоонун орточо узактыгы 70,4 жашты түзөт», - деп билдирди ал.

Г. Баитованын белгилөөсүндө, Кыргызстандагы жашоонун узактыгы, бүткүл дүйнөдөгүдөй эле өсүүдө.

«2010-жылга чейин жарандардын жашоосунун орточо узактыгы 60,4 жашты түзгөн», - деп билдирди ал.

Клиниканын директору түшүндүргөндөй, 60 жаштагы адам улгайган адам катары эсептелинсе, 75 жаш карылык курак, ал эми 90 жаштан ашкандар узак жашоочулар болуп эсептелинет.

Г. Баитова белгилегендей, жыл санап улгайган адамдардын саны өсүп жаткандыгына карабастаг, Кыргызстанда 60 жаштан ашкан жарандардын көйгөйлөрүнө тийиштүү көңүл бурулбай келет.

«Акыркы эки жылдан бери гана болочоктогу дарыгерлерге геронтология боюнча лекциялар окула баштады, дарыгерлер геронтология боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзө башташты», - деп белгиледи ал.

Г. Баитова маалымдагандай, учурда дарыгерлер тарабынан атайын геронтология боюнча борбор түзүү маселеси көтөрүлүүдө.

«Бул багытта алгачкы кадамдар жасалууда, бул демилгени өкмөт да, парламент да колдоп берүүсү керек», - деп сөзүн аяктады ал.






Поделиться новостью: