КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 15:24 | 26 аяк оона

Кыргызстандык 16 жаштагы ырчы Украинада өнөрүн тартуулайт

Дата: 15:24, 22-05-2014.

Апрель айынын башында Айыма өзүнүн видео-аудио жазууларын шоунун уюштруучуларына жиберген. Эки жумадан кийин «Х-фактор» дун кастинг-менеджери ырчы менен байланышып, тандоо турунан өткөнүн кабарлаган. Ырчыны Киевге чакырган.

«Биз үчүн бул кубанычтуу кабар болду. Бул сынакка катышууга эки жолу аракет кылып көрдүк. Өткөн жылы да Х-факторго, кастингден өткөн. Биз Киевге учууну чыдамсыздык менен күттүк. Бирок уюштуруучулар түшүнүксүз себептерден улам бизди конкурска катыштырбай койду. Бул жолу биз Киевдеги шоуга барабыз деп камданып жатабыз», - дейт ырчы Айнура Айылчиева апасы.

Эске салсак, өткөн жылы Айнура Алтыбаева Кыргызстандын интернет желесинде кеңири  тараган «Кыргызстан - таланттары» атуу шоу программада (Adele)  «Rolling in the Deep ыры менен көпчүлүктүн мактоосуна татыган. Кыргыз Adele си өткөн жылы эле «Х-фактора» шоу программасына  катышмак,тилекке каршы пландары ишке ашпай калган.

Учурда Айыма тарбиячысы Салтанат Аширова менен конкурска даярданып жатат.
Июндун башында мамасы менен Киевге учканы турат.

Поделиться новостью: