КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 12:50 | 26 аяк оона

Кыргызстандык эмгек мигранты 10 кг арыктаганы үчүн Москвада соттолууда

Дата: 13:32, 11-04-2014.

«Эмки аптанын дүйшөмбү күнү, 14-апрелде Москвага караштуу Домодедово шаардык соту Москавага иштегени келип, бойго жетип, бир топко арыктаган Кыргызстандын жараны Маратбек Эшанкуловдун ишин карайт. Иликтөө маалыматына караганда, Маратбек мекенине кеткенге аракет кылганда бажы кызматкерлери анын паспортундагы сүрөтүнө салышытырып, тааныбай калышкан», - деп жазат Орусиялык массалык маалымат каражаттар.

2,5 жылдын ичинде жүргөн иликтөөлөрдө соттун бир катар кызмат адамдары, паспорттогу сүрөт Маратбека Эшанкуловдуку экенин аныктап, айыпталып жаткан бул фактты  Москвадагы кыргыз консулдугуна, жана орусиялык эксперттерге текшерүүгө жиберген. Үч жолу соттук териштирүү токтотулган. Сот ишти прокуратурага кайтарган.

«Бирок ушул күнгө кыргыз курулушчусунун айыбы алынбай келет. Укук коргоочулар кокустук деп эсептөөдө. Бирок көрүнүшкө таң калып жатышат», - деп жазат ММК.

Белгилүү болгондой М. Эшенкулов, шаарга 2010- жылы кичи мекени Кызылкыядан иштегени келген. Анда анын жашы 22 де болгон. Ал убактылуу катталып, жумушка уруксат алып, курулушта иштей баштаган. Бир жылдан кийин, ал мекенге кайтууга камданган. Бирок бажы кызматкерлери анын паспортундагы борсойгон жаш баланы көрүп, документ чындыгында эле арыктаган өспүрүм Эшанкуловко тиешелүү экенине шектенип, аны рейстен түшүрүп салган.  Жигит кармоочу камерага жөнөтүлгөн. Ал камерда кармалган. Орусиянын федералдык коопсуздук кызматы (ФКК) аны жасалма паспорт жасаган деп күнөөлөп, айыбын моюндоого мажбурлаган.

Маратбек аэропортто Кыргызстандын Москвадагы юрист кеңешчи Мырзабек Карагуловду чакырган. Ал шашлыш түрдө Кызылкыянын паспорттук столунан Эшенкуловдун документтерин алдырган. Документ аэропортто ФКК кызматкерлерине көрсөткөндө, алар Маратбек чындыгында эле Маратбек экенин көрүп таң калышкан. Жигит Москвада таекеси Эшмурза Идаевдин үйүндө жашап, иштеп жүргөн. Кармалган жана паспорттогу бала анын жээни экендиги аныкталгандан кийин Маратбек бошотулган. Ушуну менен окуя бүтүшү керек болчу.

Бирок, ФФКнын айыптоочусу Александр Татаринов Эшанкуловго Орусия федерациясынын кылмыш кодексинин 322 статья («Чегараны мыйзамсыз кесип өткөн»)сы боюнча кылмыш ишин козгогон. Эми ал бирөөнүн паспортун колдонгон, башка документке өзүнүн өзүнүн паспортун чаптаган деп айыпталып жатат. Ага 2010-жылдан бери Эшенкулов ушул паспорт менен Орусияга эки жолу кирип чыгып, чегараны мыйзамсыз түрдө кесип өткөн деген эпизод кошулган. Кармалган жаран таекеси Эшмурзанын жеке кепилдиги менен бошотулган. Паспорту каттоого алынган Маратбекти полиция улам улам кармай берет.

Үстүбүздөгү жылы айыптоочу Татаринов ишти үч жолу  карап чыккан. Маратбектин туугандары тааныштары, кошуналары суракка алынганда, паспорттогу сүрөт чындыгында эле Маратбекке таандыгы аныкталган. Бирок ФФКнын адистери эки фотопортреттик экпертизага ишенбей жатышат. Бул эки экспертиза 2012 жылы прокурордун айыптоосу убагында чыгарылган.


Биринчиден Домодедовдун шаардык соту Владимир Макаров фото экспертизаны карап чыгып, адистер монголоид расасындагы жүздү текшерүүдө олуттуу катачылык кетиргенин айтып чыккан. Сот аны юстиция министрлигине жиберген, алар паспортогу сүрөт Эшенкулов экендигин тастыктап чыккан. Иш прорукуратурага кайтарылган.

Иш үстүбүздөгү жылдын март айында кайрадан каралган. Бул жолу мамлекеттик айыптоочулар Маратбекке толугу менен айып такты. Прокурорлор соттук процесске чек коуюп, Эшенкулов айып пул төлөп кылмыш жоопкерчилигинен бошотулсун деп сунуш киргизүүдө. Маратбек жана анын коргоочулары адилетүү чечимди күтүп жатышат.

Поделиться новостью: