КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 8:20 | 17 жетинин айы

Кыргызстандык пианист Азамат Сыдыков Нью-Йорктогу Карнеги-Холлдо жеке концертин берет

Дата: 17:16, 08-05-2014.

«Карнеги Холл престиждүү концертик залында Кыргызстандын атынан концерт берүү мен үчүн сыймык.  Карнеги-Холлдо жеке концерт берүү - бул өтө жоопкерчиликтүү кадам, бирок финалдык чек эмес, мен ал жакта дагы бир жолу концерт бергенге аракет кылам», - дейт А. Сыдыков.

Концерттик программаны Сергей Рахманинов, Ференц Лист жана кыргыз композиторлору коштойт.

А.Сыдыков Бишкектеги Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектептин бүтүрүүчүсү. Москвадагы борбордук музыкалык мектепти жана Петр Чайков атындагы Москва консерваторияны аяктаган. Ошол эле окуу жайдын аспирантурасын да бүтүргөн. Учурда (АКШ) Нью-Йорктогу Mannes College of Music аспирантурада билим алып жатат. Мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктардын лауреаты.

Карнеги-Холл (англ. Carnegie Hall) - Нью-Йорктогу классикалык музыкалар ойнолуучу дүйнөдөгү престиждүү концерттик зал болуп саналат.

Поделиться новостью: