КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 7:37 | 21 жетинин айы

Кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү жаңы жылдык майрамдарды Турция, Дубай жана Таиландга барып тосууну каалашат

Дата: 11:22, 26-12-2014.

Бишкек. 26-декабрь. КирТАГ – Айзура Чыкынова. Акыркы жылдарда кыргызстандыктар Жаңы жылды чет жактарга барып тосууну адатка айлантышкан. Эң популярдуу багыттар Турция, Дубай жана Таиланд. Бул тууралуу КирТАГга жума күнү туристтик компаниялардан билдирди.

Турциянын популярдуу болуп жатканынын себеби, баалардын ыңгайлуулугунда, турпакеттин баасы, Бишкек-Анталия-Бишкек авиабилети, тамактануу, беш жылдыз отелде жашоо жана 30-декабрдан 3-январга чейин жаңы жылдык программаны камтып бир кишиге $605 түзөт.

Экинчи орунда Дубай болуп, кум жээкте эс алуу үчүн туристтерди аба-ырайынын жагымдуулугу менен тартып турат. Турпакеттин баасы бир адамга $1800 болуп, 7 күнгө эсептелген, Таиланд - $1600дөн.

Кыргызастандыктардын аз бөлүгү жаңы жылдык майрамдарды Хайнань аралына барып тосууну каалашат – баасы 12 күнгө $2 миң, Вьетнамга  да 12 күнгө $1,5 миңди түзөт.

«Кыргызстандыктардын көбү бул жылы чет жактарга жаңы жылдык эс аллуу пакеттерин активдүү сатып алып жатышат. Эң популярдуу багыттар – БАЭ, Кытай, Таиланд, Гоа (Индия), Шри-Ланка, Мальдива жана Европа өлкөлөрү – Италия, Испания, Франция, Чехия жана башкалар. Бирок негизги багыттар БАЭ, Таиланд жана Кытай. Жаңы жылдык баалап демейдегиден кымбатыраак ($100-200гө), буга карабастан кыргызстандыктар Жаңы жылды чет өлкөдө тосууну каалашат», - деди турагенттиктердин биринин директору Эльдияр Таалайбек.

Поделиться новостью: