КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 7:21 | 21 жетинин айы

Кыргызстандын калкынын 38%зын балдар жана 18 жашка чейинки өспүрүмдөр түзөт

Дата: 16:56, 18-04-2016.

«Учурда Кыргызстандын калкынын 38%зын балдар жана 18 жашка чейинки өспүрүмдөр түзөт. Баардыгы болуп 425,5 миң балага (18%) сөциалдык жөлөк пулдар төлөнөт. Алардын ичинен 13,4%зы же 304,3 миңи аз камсыздуулугу боюнча социалдык төлөмдөрдү алышат. Ошондой эле 44,2 миң балага социалдык төлөмдөр жана 76 миңине – бакан адамын жоготкондугу боюнчам пенсияларды алышат», - деди министр.

Кудайберген Базарбаевдин айтымында, 2015-жылдын 1-июлунан тарта аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына төлөнүүчү жөлөк пулдун көлөмүнүн негизинде кепилденген минималдык кирешенин көлөмү 705 сомдон 810  сомго, башкача айтканда 15%га көтөрүлгөн.

Бирин6чи вкарталда аз камсыз болгон балдарга которулуучу төлөм үчүн 761,6 млн сом төлөнүп берилген. Мекеме тарабынан социалдык төлөмдөргө 598,8 млн сом сарпталган.

Поделиться новостью: