КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 2:47 | 26 аяк оона

Кыргызстандын билим берүү министрлиги мектеп формасынын үлгүсүн жаратуу боюнча өткөрүлгөн конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктады

Дата: 15:26, 25-04-2014.

«Конкурсттун жыйынтыктары боюнча: гран-при: Гулнар Акматова - 19 миң сом, биринчи орун: 1-4 класс - Эльвира Султангазиева - 11 миң сом, 5-9 класс - Бегайым Эрнисова - 11 миң сом, 10-11 класс - Эльвира Султангазиева - 11 миң сом, экинчи орун: 1-4 класс - Мадина Урсалиева - 9 миң сом, 5-9 класс - Кондубаева Нургуль - 9 миң сом, 10-11 класс - Балагазы кызы Миргуль - 9 миң сом, үчүнчү орун: 1-4 класс - Аким Турганбаев - 7 миң сом, 5-9 класс - Чинара Сейдахматова - 7 миң сом, 10-11 класс - Калыбек кызы Жанара - 7 миң сом акчалай сыйлыктар берилди», - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бирдиктүү мектеп форма түзүү маселеси «Билим берүү» тууралуу мыйзамдын 10 статьясында каралган. Эскиздерди жаратуу боюнча конкурс 2014 жылдын январь айында жарыяланган. Сынакка катышууга 27 арыз келип түшкөн. Калыстар тобу жарандык сектор, ата-энелер, дин башкармалыгынын өкүлдөрү коомдук ишмерлер жана ошондой эле Бишкектеги мектептердин жаштар кыймылынын лидерлеринен шайланган.

Поделиться новостью: