КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 23:13 | 22 аяк оона

Кыргызстандын эң сулуу кыздары аталды

Дата: 13:51, 09-09-2014.

Өткөн дем алыш күндөрү А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын малахит залында «Мисс Кыргызстан - 2014. Такка отуруу түнү» аттуу сулуулуктун улуттук конкурсу өттү. Башкы уюштуруучу Кыргызстандагы «Miss World» расмий өкүлү «IDOL Fashion Management моделдеринин жана сулуулуктун бирикмеси»  болуп чыкты. Конкурсту өткөрүүсүндө  негизги колдоону  Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги көрсөттү.

Айкөл Аликжанова жеңүүчү болуп,  «Miss World Kyrgyzstan'2014» наамынын ээси болду. Бул жеңүүчүнү Улуу Британиядагы  «Miss World'2014» дүйнөлүк конкурсунда Кыргыз Республикасынын өкүлү болушуна мүмкүндүк берет.

Таттуубубу Эргешбаева «Miss International Kyrgyzstan'2014» наамынын ээси болду жана ушул жылы Жапонияда Кыргызстандын өкүлү болот.

«Miss Earth Kyrgyzstan'2014»  наамы менен Айсулуу Осмоналиева сыйланды . Ал Филиппиндеги «Miss Earth'2014» сулуулуктун дүйнөлүк конкурсунда өлкөнүн өкүлү болот.  

Бурул Абасканова «Miss Intercontinental Kyrgyzstan'2014» наамын алып, ага республиканын өкүлү болушуна «Miss Intercontinental'2014» сулуулуктун дүйнөлүк конкурсуна укук берет.

Бегимай Абасканова «Miss Multiverse International'2014» сулуулуктун дүйнөлүк конкурсунда биздин өлкөнүн өкүлү болот. Бул күйөөгө чыккан аялдардын арасындагы дүйнөлүк конкурс Доминикалык Республикасында өтөт.

«Miss Supernational Kyrgyzstan'2014» аталмасынын Миланда Адилетова жеңип алды, ал эми «Miss Supernational'2014» сулуулуктун дүйнөлүк конкурсунда Кыргызстандын өкүлү болот.

«Miss Tourism Kyrgyzstan'2014» аталмасынын жеңүүчүсү болуп Акманай Жусупалиева чыкты, ал ушул жылы Малайзиядагы «Miss Tourism International'2014» сулуулуктун Эл аралык конкурсунда Кыргызстандын өкүлү болот.

Конкурс жалпысынан 14 кыргыз сулууларын 14 аталмаларда аныктады.

Поделиться новостью: