КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 7:37 | 21 жетинин айы

Кыргызстандын өкмөтү сомдун курсун сактап кала албайт - Сариев

Дата: 16:29, 14-02-2014.

«Биз сомдун курсун мурдагыдай деңгээлде кармап тууруга күчүбуз жетпейт, болбосо валюталык запасыбыздын баардыгы түгөнүп калат», - деп жооп берди экономика минстри ишкерлердин сомдук курсун сактоо боюнча өкмөттүн иш аракеттин тактаган суроосуна.

Т. Сариев мындай убакыттардагы эң жаман душман бул будуң чаңга түшүү деди.

«Эгерде, баары валюта сатып алууга ашыкса, кандай гана экономика болбосун кыйроого учурайт, керек болсо АКШнын да туруктуу экономикасы дагы», - деди ал.

Ал, сом чыгарып кетүүгө чектөөсү жок, эркин акча бирдиги деп баса белгилди. Ошондуктан, сом Казахстан, Өзбекстанда да бааланат дегенде ишкерлер Кытайда да деп кошумчалашты.

«Сом суроо талапка ээ - жакшы валюта болуп саналат», - деди министр.

Ошондой эле, КРнын улуттук банкында сомдун курсун бир калыпта кармоо үчүн жетиштүү  резервдер бар.

Бирок, ошого карабастан, Кыргызстандын экономикасы Орусия менен Казахстандыкына караганда чакан болуп саналат.

«Эгерде, биз сомду кармап туруп алсак, экономикабыз жуулуп кетет.  Биз сактап жүргөн валютабыздын баарынан кур жалак калышыбыз мүмкүн», - деп белгилейт ал.

Анын айтканына караганда, Казахстан өткөн жылы, тенгени сактап калууга 6 млрд сом сарптаган.
Т.Сариев, ушул күндөрү, рубль менен тенге куласа эмне кылуу иш пландарын талкуулаган өкмөт мүчөлөрүнүн жыйыны болгонун кабарлады.

«Биз сомду кармай албайбыз, бирок үрөй учурууга жол бербейбиз», - деди Т.Сариев.

Сүрөт news.mail.ru сайтынана алынган

Поделиться новостью: