КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 21:21 | 26 аяк оона

Кыргызстандын тоок өстүрүүчүлөрү жумуртканы иппортоого бажы пошлинасын киргизүүнү суранууда

Дата: 12:58, 24-03-2014.

«Биз тоок өндүрүшүнө таандык продукцияларга убактылуу бажы пошлинасын  киргизүүнү суранабыз», - дейт Осмоналиев.

Анын сөзүнө караганда, жыл сайын апрелден сентябрга чейин алып сатарлардын, четтен тоок-продукцияларын ташып келгендердин айынан, өлкөнүн тоок фабрикаларынын көп чыгымга учурап жатат. Өзүбүздүн продукцияга болгон талап түшүп, арзан баада сатылып калат.

«Биз өзүбүздүн рынокто коргоно албай жатабыз. Продукциябыздын баасы түшүп, ички өндүрүшүбүз зыян тартып жатат», - деп түшүндүрөт ал.

Ошондой эле ал, Кыргызстанда тоок продукцияларын текшере турган азык-түлүк лобараториясы жок экендигин кошумчалап өттү.

«Ошондуктан, биз тоок продукцияларын иппортоого чектөө киргизишбиз керек.
Ушул жол гана менен атамекендик өндүрүштү коргой алабыз. Ошондой эле инфекциянын өлкө кирүүсүнүн да алдын алган болобуз», - деп белгилейт ал.

Анын сөзүнө караганда, жумурканын басымдуу бөлүгү бизге Орусия, Казакстан жана Кытайдан келет. Акыркы жылдарда импорт өтө эле өсүп кеткен.

«Мисалга алсак, 2007-жылы башка өлкөлөрдөн импорттолуп келген жумурка 9 млн дана, 2013-жылы чет өлкөдөн 62 млн даана жумуртка импорттолуп келген», - деп аяктады Рустам Осмоналиев.

Поделиться новостью: