КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 11:47 | 18 жетинин айы

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында илимдин докторлору илимий даражасы үчүн маянасына болгону 600 сом үстөк алышат

Дата: 15:48, 15-10-2014.

Бишкек. 15 октября. КирТАГ - Альбина Метерова. Кыргызстандын жогорку окуу жайларында илимдин докторлору илимий даражасы үчүн маянасына болгону 600 сом кошумча алышат. Бул тууралуу билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев шаршемби күнү парламент жыйынында билдирди.

«ЖОЖдо абал (маянага байланыштуу – КирТАГ) өтө начар. Илим кандидаттары илимий даражасы үчүн айлыгына 300 сом үстөк алышат, илимдин докторлору болсо – 600 сом», - деп билдирди депутат.

Ал кошумчалап өткөндөй, Кыргызстанда мугалимдердин маянасы бүгүнкү күндө болгону 5-7 миң сомду түзөт.

«Мурда өкмөт, эмгек акыны баалоо моделин өзгөрткөн соң мугалимдердин маянасы 15 миң сомго жетет депшкен. Бирок, саатка карай эсептөө киргизилген соң, мугалимдердин айлыгы кыскарып, эми мугалимдер мындай системага нааразы болуп жатышат», - деди Осмоналиев.

Мурда маалымдалгандай, Жогорку Кеңеште «Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин айлык акысы тууралуу» парламенттин токтом долбоору каралууда.

Поделиться новостью: