КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 8:48 | 19 жетинин айы

Кыргызстанга аймактык жана транзиттик абада жүк ташууну өнүктүрүү пайдалуу - Оторбаев

Дата: 14:24, 24-10-2014.

Бишкек. 24 октября. КирТАГ - Бакыт Толканов. Кыргызстанга аймактык жана транзиттик абада жүк ташууну өнүктүрүү пайдалуу. Бул тууралуу журналисттерге премьер-министр Жоомарт Оторбаев жума күнү билдирди.

«Биз инвесторлорду тандоодо шашылбасак болот, кеп биз баш тарта албай турган сунуш тууралуу болуп жатат. Бизде «Манас» гана эмес «Ош» аэропорту да бар жана анын рыногу «Манастыкына» караганда перспективалуу. Мындан тышкары Тамчы, Караколдогу аэропорттор, ошондой эле Лейлек, Исфана, Баткен аэропортторун да перспективалуу десек болот. Ал жерде жакын 10 млн адам жашайт, аларды да ташыса болот, ал Фергана өрөөнү», - деди Ж. Оторбаев.

Анын айтымында, 5 млн потенциалдуу жүргүнчүлөрү бар Кыргызстан инвесторлорго анча деле кызык эмес.

«Ош жана Исфана тууралуу айтканда, коңшу өлкөдөн жүргүнчүлөрдү тартууну божомолдойбуз. «Манас» - бул хаб, жүргүнчүлөр бир гана бизге эмес, транзит менен да учат. Бизде ийгилик жараткан (транзиттик коридор – КирТАГ) – бул Стамбул-Бишкек-Улан-Батор. Толугу менен толгон учак, эми мындан ары да ушундай механизмдер колдонулушу тууралуу кеп кылабыз», - деп белгиледи ал.

Премьердин белгилөөсүндө, аэропорттордун мындан аркы тагдыры парламенттин колунда.

«Бүгүн бул жерде турган компаниялардын жана фирмалардын бир бөлүгү бизде калып иштеп кетээрине ишеним зор. Компаниялардын баардыгы ар түрдүү пландагылар», - деп кошумчалады ал.

Эске сала кетсек, бүгүн «Манас» эл аралык аэропорту» ААК базасында трансконтиненталдык авиахаб түзүү жана инвестициялык өнүктүрүү боюнча кеңейтилген инвестициялык биринчи уктуруулард болуп өттү.

Поделиться новостью: