КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 17:04 | 14 жетинин айы

Кыргызстанга каршы тоо-кен инвесторлорунун соттук доо арызынын суммасы дээрлик $2 млрд түзөт

Дата: 11:36, 24-10-2014.


Бишкек. 24-октябрь. КирТАГ - Бакыт Толканов. Кыргызстанга каршы тоо-кен инвесторлорунун соттук доо арызынын суммасы $600дөн $2 млрд чейин. Бул тууралуу КирТАГга КР тоо өнөр жайчылар жана геологдор асоциациясынын президенти, инженердик академиясынын академиги, КР өнөр жайынын эмгек сиңирген кызматкери Орозбек Дүйшеев билдирди.

«Тоо-кен тармагындагы доо арыздардын саны көп. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, доо арыздардын суммасы жалпысынан $2 млрд», - деп билдирди Дүйшеев.

«Эгер факты менен алып карай турган болсок, Жерүй үчүн Visor компаниясынан $400 млн, Stans Energy Corp болсо Куттусай 2 үчүн дээрлик $118 млн, дагы башкалар үчүн $100 млн, башкача айтканда болжол менен $500-$700 млн. Бирок $2 млрд жөнүнлө сөз болуп жаткан соң юстиция министрлигинде маалыматтар көбүрөөк болсо керек», - деп кошумчалады О. Дүйшеев.

Анын айтымында, доо арыздар түшө турган бир катар түйүндөр бар, бул Иштамберди кени.

«Жеңишке үмүт жок, алар даярдыкты жакшы көрүп жатышат, биздин юристтердин мындай иштерде тажрыйбасы жок», - деп белгиледи.

Поделиться новостью: