КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 21:12 | 26 аяк оона

Кыргызтандагы мусулман жана христиан динин тутунгандар, ай сайын айлык акылардын эсебинен мечит жана чиркөөлөрдүн эсебине садага которуп турууга чакырылды

Дата: 17:19, 12-02-2014.

«Эгерде салттуу дин тутунган субъект - мусулман же христианин ай сайын каражат бөлүп турууга макулдугун берсе, төлөм жумуш берүүчү же салык кызматтары тарабынан ай сайын айлыгынан кармалат», - деп жазылат мыйзам долбоорунун түшүндүрмөсүндө. Документтеги маалыматка ылайык, төлөм суммасы мусулмандан Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына, христианинден Орус православдык чиркөөсүнүн эсебине ай сайын которулуп турат. Мыйзам долбоорунда 10миң сомго чейин маяна болсо айына 50 сом, 10 миңден ашык айлык алгандар 100 сомдон муфтият менен чиркөөнү колдоого берүүсү сунушталат. «Салттуу диндерди каржылык колдоо, мажбурлоо эмес ыктыярдуу түрдө гана ишке ашырылат», - деп жазылат документте. Мыйзам долбоору менен Кыргызстандагы салттуу дин катары мусулманчылык менен христиан динин бекитип берүү сунушталат. «Ошондой эле, жергиликтүү жана республикалык казнадан мамлекеттик көмөк көргөзүү каралган», - делет документте. Материалда белгиленгендей субсидиялар диний жана салттуу дин уюмдарынын социалдык маселелерди чечүүгө багытталган гана иш чараларын каржылоого берилет. «Диний радиколизм жана терроризм коркунучтары күчөп турган мезгилде, мамлекет атуулардын ыктыярдуу төлөмдөрү жана түз каржылоо менен салттуу диндерди колдоого алуусу зарыл», - деп белгиленет документте. Сүрөт rusimperia.info сайтынан алынган.

Поделиться новостью: