КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 10:30 | 15 жетинин айы

Кытайлык геологдор Баткен облусунан жаратылыш газынын катмарын таап чыгышты

Дата: 17:07, 05-12-2014.


Бишкек. 5-декабрь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Кытайлык геологдор Баткен облусунан жаратылыш газынын катмарын таап чыгышты. Бул тууралуу КирТАГга Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Алтыбай Торалиев жума күнү билдирди.

«Кытайлык геологдор Баткен облусунун Ак-Турпак айылынан жаратылыш газынын катмарын таап чыгышты. Көлөмү 500 млн кубометр. Бул бүтүндөй Ош жана Баткен облусунун калкын көгүлтүр отун менен камсыз кылууга жетиштүү», - деди айыл өкмөтү.

Анын сөзү боюнча, учурда кытайлык инвесторлор газ алуу үчүн 6 кудук даярдашты.

«Баткен шаарын газга өткөрүү үчүн Ак-Турпак жана Дара айылдары аркылуу түтүктөрдү өткөрүү керек. Түтүк дагы, аларды орното тургандар дагы керек», - деп кошумчалады А. Торалиев.

Поделиться новостью: