КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 16:54 | 25 аяк оона

Өлкө башчы саясатчыларды баатыр энелерди саясий курал катары колдонбоого чакырды

Дата: 15:44, 16-05-2014.

«Эне жана митинг бири-бирине төп келбеген түшүнүк. Бирок акыркы учурларда айрым саясатчылар баатыр энелерди өз кызыкычылыктарына колдонуп жатышат. Саясий нааразычылык, жол тосуу, митингедерге алып чыгууда», - деп ачууланды президент.

Президент Кыргызстандын тарыхында калкын сактап калу үчүн өз кызыкчылыктарынан мамлекеттикин жогору койгон энелердин эмгегин эске салды.

«Курманжандатка энебиз өз уулун курмандыкка берип, элин сактап калган», - деп кошумчалады президент.

«Мен сиздерге бакыт таалай каалайм. Балдарыңыздын кучагында карылыктын доорун сүрүңүздөр. Биз сиздер менен Кыргыз элинин келечегин курабыз», - деп сөзүн жыйынтыктады президент.

Поделиться новостью: