КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 15:27 | 16 жетинин айы

Максатбек ажы Токтомушев Кыргызстандын муфтийи болуп шайланды

Дата: 10:43, 04-03-2014.

Максатбек ажы Токтомушевдин талапкерлигин делегаттардын 99% колдогон.

Жаңы муфтийдин сөзүнө караганда, ал өз ишмердүүлүгүн ханафий агымы менен жүргүзүп, диний сабатсыздык менен күрөшүүгө убада берди.

«Биз баардык экстремистик, радикалдык иш аракеттерге бөгөт коюууга умтулабыз, жаматтарга басым жасоого жол бербейбиз. Ошондой эле, диний сабатсыздыкты жоюу боюнча ишти күчтөндүрөбүз. Мага жүктөлгөн жоопкерчиликти сезип, мүмкүнчүлүгүмө жараша ишти аткарам», - дейт М.Токтомушев.

Мындан тышкары, уламалар кеңеши бүгүнкү курултайда Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгынын жаңы уставын бекитти.

Поделиться новостью: