КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 0:44 | 24 аяк оона

Мелис Турганбаев Кыргыз Республикасынын ички иштер министри кызматынан бошотулду

Дата: 13:03, 30-05-2016.

Бишкек. 30-май. КирТАГ - Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, бүгүн 30-майда «М.Т.Турганбев жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жарлыкта Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1 бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык токтом кылынат:

Турганбаев Мелис Токтомамбетович Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кызматынан бошотулсун.

Жарлык кол коюлгандан тартып күчүнө кирет.

Поделиться новостью: