КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 2:02 | 22 аяк оона

Нью-Йоркто Кыргыстандын желеги желбирейт

Дата: 10:49, 13-03-2014.

«Нью-Йоркто 22-март Нооруз майрамынын карата Кыргызстандын желегин желбиретүү жөрөлгөсү өткөрүлөт. Бул жөрөлгө салтка айланып баратат. Өткөн жылы да саамалыкка АКШ ар кайсы шаарларынан кыргызтандык эмигранттар чогулган эле», - деп билдирет Kyrgyz Club уюму.

Ошондой эле бул жылы АКШда жашаган кыргызстандык эмигранттарды Нооруз майрамына менен куттуктоо үчүн фольклор жана эстрада ырчыларынан: Саадат, Кубаныч Сатаев, Аскат Мусабеков, Алтынай Нарбаева, Нурлан Насип, Кундуз Канатбек кызы, Кубаныч Ажыбаев, Сайкал Садыбакасова, Элмирбек Иманалиевдер Нью-Йоркко сапар алат.

Майрамдык кече жакында эле Нью-Йоркто түзүлгөн «Даткайым» бий тобунун дебюту менен коштолот.


Сүрөт boorsok.ru сайтынан алынган.

Поделиться новостью: