КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 13:35 | 26 аяк оона

Орусия рыногуна «Кыргызстанда жасалган» деген марка менен чыгып жаткан Кытай товарлары көбөйдү

Дата: 15:30, 07-03-2014.

«Орусия базарындагы жеңил өнөр жай товарларынын 50% контрабанда жана контрафактык жол менен келген продукция. Кыргызстандын маркасы менен келген кытай товралары күч алган. Бул кытай товарларына суроо талаптары төмөн экендигин айгинейлейт, өзгөчө балдардын кийим кечеси, буюмдар. Алар өз изин жашыруу үчүн Кыргызстанда жасалган деген марканы чаптап жатат», -  дейт А.Круглик.

Ал маалымдап өткөндөй, контрабандалык жана контрафактык товарларды жок кылуу максатында «Легпром» ассоциациясы менен биргеликте кызматташуу тууралуу меморандум түзүлгөн.

Белгилей кетсек, 1-февралда өкмөттө өткөн жыйында КР экономика министри Темир Сариев Кыргызстанда текстиль жана тигүү тармагындагы өндүрүш 2013-жылы 16,5% төмөндөп кеткендигин айткан.

Анын сөзүнө караганда, Кыргызстандын тигүү цехтери кытай менен атаандаша албайт.

«Бүгүнкү күндө коңшу өлкөдөгү атаандаштар «Кыргызстанда жасалган» деген бренди активдүү колдонуп жатат жана биздин репутацияга шек келтирүүдө. Кытайдын көмүскөдөгү цехтеринде сапаты төмөн товар даярдалып, «Кыргызстанда жасалган» деген марка менен импорттолууда. Негизинен Орусия базарлдарына сатылып жатат. Кыргызстандын тигүү цехтери азыр буйрутманын жоктугунан токтоп турат. Анткени, Орусиядан келген кардарлар жок», - дейт ал.


Сүрөт news.mir.kg сайтынын алынган.

Поделиться новостью: