КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 4:41 | 24 аяк оона

Ошко кышында да Өзбекистан газ бербейт

Дата: 14:47, 23-07-2014.

«Ошко кышында Өзбекистан газ бербейт», - деди өкмөт башчы  Жоомарт Оторбаев маалымат жыйында.

Премьер министр булд жылкы жылуулук сезону өткөн жылга салыштырмалуу оор болоорун баса белгиледи.

«Учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11,5 млрд кубометрди түзүүдө. Өткөн жылга салыштырмалуу 3 млрд кубаметрге аз болуп атат.Суу көп болсо экен деп үмүттөнүп жатабыз. Бирок кечээки маалыматка караганда Токтогулга секундасына 465 кубаметр суу түшүп жатыптыр. Мындай начар жыйынтык акыркы 7 жылдан бери болгон эмес», - деди премьер-министр.

Анын сөзүнө караганда, суу аз, бирок электр колдонуучулар саны өсүп жатат. Бишкекте 170 курулган. Түштүктө темир эритүүчү завод курулуп жатат. Алардын баарына электр энергия керек.

Өткөн жылы Токтогул суу сактагычында 13 млрд кубаметр суу болгон. Бирок ага карабай кыш сезону кыйынчылыктар менен өттү. Бүгүнкү күндө болсо 11,5 млрд суу бар. Электрэнергия жетишпейт, ошондуктан көмүргө өтүш керек», - деп чакыруу жасады премьер.

Поделиться новостью: