КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 12:57 | 25 аяк оона

Потсдамдын борбордук паркына Германиянын жараны эки боз үй тиккен

Дата: 16:32, 16-04-2014.

«Германиянын жараны М.Михеля жана ал ишке ашырган «Номаденланд» долбооруна ыраазычылык билдиребиз. Эки кыргыз боз үйү канча жылдан бери Постдам борбордук паркында турат. Калоочулар үчүн дайыма эшик ачык», - деп билдирет ТИМ.

ТИМ маалыматына ылайык, 14 апрелде аталган паркта кыргызстандыктар менен Германиялыктардын салттык жолугушуусу болуп өттү. Иш чара кыргыз-немец комчулугунун мадананиятты өнүктүүрү башкармалыгынын демилгеси менен Нооруз майрамына карата уюштурулган.

Жолугушууга Кыргызстандын Германиядагы элчиси, уюмдун Берлинде жашаган кыргызстандык активисттери жана жетекчилери, ошондой эле жергиликтүү тургундар, паркка зыяратка келгендер, немец достор жана өнөктөштөр катышты. Ошондой эле Потсдамга Германиядагы казак жан өзбек диаспоралары да келишти.

Жанданган жаратылыштын коюнунда конокторго кыргыздын сый тамактары тартылды. Боз үйдө эс алып, улуутук оюндар уюштурулду. Уюштуруучулар паркка келгендерди Ноооруз майрамы менен тааныштырып, сыйлыктарды, улуттук сувенирлерди белекке беришти.


Сүрөт www.kchr.org сайтынан алынган.

Поделиться новостью: