КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 18:10 | 19 жетинин айы

Санитардык экологиялык талапка жооп бербеген 61 пансионат жабылды

Дата: 17:46, 26-02-2014.

«Өткөн жылдын күз айында көлдөгү ден-соолукту чыңдоо борборлору, пансионаттарды текшерүү боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Анын жыйынтыгында көл жээгиндеги 307 обьекти текшерүүгө алынган. 61 пансионатта санитардык-экологиялык эреже бузуулар аныкталды. Аларга ишти токтотуу туурасында көрсөтмө берилген. Мыйзамга ылайык бизде бир жылда бир гана жолу текшерүү мүмкүнчүлүгү бар дейт», - туризм бөлүмүнүн башчысы.

Анын айтымында, ар бир айыл аймактарда комиссия жергиликтүү депутаттар, өкмөт өкүлдөрү, жергиликтүү башкаруу органдары менен пансионат, ден-соолукту чыңдоо борборлорунун жетекчилери менен жыйындарды уюштурган. Бирок, алардын көпчүлүгү бул жыйындарга келбей коюшту.

«Биз жыйындарды тынбай өткөрдүк, бирок пансионат жетекчилери убактысы тардыгын айтып катышкан эмес. Негизинен эрежени сактабаган, мыйзамды бузгандар келбей коюшту. Аларга таасир этүүчү рычаг жок. Эми, алар берилген көрсөтмөлөргө карабастан, жайда кадимкидей эле иштеп башташат»,  - дейт Эркин Кененбаев.

«Негизинен эрежени сактабаган, мыйзамды бузгандар келбей коюшту. Эми жайда алар кадимкидей эле иштешет.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен 69 миң 900 сом айып салынган. Жалпысынан 167 обьекти текшерүүгө алынган.


Сүрөт issyk-kul.org сайтынан алынган.

Поделиться новостью: