КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 8:53 | 19 жетинин айы

Шаардык кеңештин депутаттары коомдук транспортторго болгон тарифтерди көтөрүү тураалуу маселени коомдук талкууга алып чыгууну сунуштады

Дата: 16:06, 30-07-2014.

«Жол кирени көтөрүү элдин нааразылыгын жаратууда. Эгер бул маселе шаардык кеңеште көтөрүлө турган болсо, мен коомдук талкууга алып чыгууну сунуштаар элем. Мэрия жана жүргүнчү ташуучулар жаңы конуштарга барып, тургундарга жол киренин көтөрүлүшүнүн себептерин түшүндүрүп берсин», - деди КирТАГга депутат.

Ал ошондой эле, шаардык транспорт башкармалыгы тарифтер тууралуу документти шаардык кеңешке өткөрүп бериши керектигин айтты.

Оппозициялык фракциянын өкүлү шаардык структура милдеттерин аткарып, жеке жүргүнчү ташуучуларга көз каранды болбошу керек деп эсептейт.

«Жеке компанияларга көз каранды болбой, траллейбус жана автобустарды көбөйтүш керек», - деп кошумчалады ал.

Эске салсак, 28 июль күнү Бишкекте маршртуттук бустардын айдоочулары иш ташташкан. Алар тарифтерди көтөрүүнү жана унаада ашыкча жүргүнчүлөрдү ташыгандыгы үчүн административдик жазаны алып салууну талап кылып, каттамга чыкпай койгон.

Поделиться новостью: