КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 0:21 | 19 жетинин айы

Сот «2010 жыл 7 апрель» окуялары боюнча экс-президент Бакиевдин уулун жана инисин күнөлүү деп тапты

Дата: 17:37, 24-07-2014.

Бүгүнкү соттук отурумда сот чечимин жүйөлүү бөлүгү эсептелди. Судья Дамир Оңолбеков экс-президенттин иниси Жаныш Бакиевди, анын уулу Марат Бакиевди УКМК экс-жетекчиси Мурат Суталиновду, мамлекеттик коргоо кызматынын жетекчисинин орун басары Нурлан Темирбаевды жана мурунку төраганын орун басары Данияр Дунгановду күнөлүү деп тапты.

Ошондой эле массалык аткылоо беренеси боюнча МККнын мурунку жетекчиси Жаныш Бакиев айыптуу деп табылды.

Экс өкмөт башчы Данияр Үсөнов демостранттарды атуу тууралуу чечим чыгаргандыгы үчүн айыпталды.

Белгилей кетсек 21 июлдан бери сот чечимин окуп жатат.

Белгилей кетсек Бишкек аскер гарнизондук соту 7 апрель окуялары боюнча ишти териштирип келет. 2010 жылдын 7 апрелинде Ак үйдүн алдында массалык аткылоодон 87 киши каза болуп, 300 дөн ашык жаран жаракат алган. Бул иш боюнча жалпысынан 28 кишиге айып тагылган. Алардын онуна издөө салынган. Окуя боюнча күнөөлөнгөндөрдүн көпчүлүгү экс-президент Курманбек Бакиевдин жакын санаалаштары болгон.

Поделиться новостью: