КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 0:14 | 17 жетинин айы

Түркия Кыргызстан аркылуу Бажы биримдигинин базарына кирүүнү пландап жатат

Дата: 12:05, 28-05-2014.

«Эгер Кыргызстан Бажы биримдигине кошулса, анда Түркия Кыргызстандагы ишкердик саясатын күчөтөт. Түркияга Кыргызстан аркылуу Бажы биримдигинин базарына кирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт», - деди Ахмет Кайя.

Анын сөзүнө караганда, түрк ишкерлери бул суроолор боюнча иликтөө жүргүзгөн.

« Мисалы, Орусия тиричилик техникага муктаж. Биз аларга газ жана жылуулук мештерин жөнөтөбүз. Кыргызстанга завод жана фабрика куруу бизге ыңгайлуу болууда. Товарды Кыргызстанда жасап, аны эки үч күндүн ичинде эле поезд менен Орусияга жеткиребиз. Бажы биримдигине кирсе Кыргызстан уттурбайт. Ошондой эле Түркия Кыргызстанда электр станцияларын курууга кызыктар», - деди соода палатанын башчысы.

Анын сөзүнө караганда Түркиянын экспортттон түшкөн кирешеси жылына $50 млрд түзөт. Эгер мамлекетин кирешеси мындан 10 жыл мурун $130 млрдды түзгөн болсо, бул сумма бүгүнкү күндө $850 млрдга жеткен.

Бүгүнкү күндө Түркиянын соода-өндүрүү палатасы 330 завод фабрика курган. Унаа, электроника, текстиль айыл чарба өндүрүү жана башка тармактарда иш алып баратат. Кыргызстанда мебель иштеп чыгуучу 30 фабрика иштеп жатат. Бирдиктүү эки завод куруу пландалууда.

«Акыркы эки жылдын ичинде түрк ишкерлери Кыргызстанда эч кандай тоскоолдуксуз, эркин жашап жатат. Бизнеске түзүлгөн шарт жакшырып, мыйзам жакшы иштеп жатат. Жабыркагандар аз, Кыргызстандын соттору таза иштешет, пара албайт», - деп ой бөлүштү түрк ишкери.

Поделиться новостью: