КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 10:43 | 15 жетинин айы

Өткөн жылы 4 миңдей өспүрүм тамеки талааларынан бошотулган

Дата: 16:09, 13-03-2014.

«2013-жылы 968 үйбүлөдөн 3940 өспүрүм тамеки талааларына жумушка тартылган. Алардын көпчүлүгүн 6жаштан 18 жашка чейинки жаш өспүрүмдөр түзгөн», - деп кабарлайт профсоюздун өкүлдү.

Алардын сөзүнө караганда 2005 жылдан 2009 жылдар аралыгында өспүрүмдү зыяндуу жумуштан куткаруу үчүн 956 үйбүлөдөн 2932 балага микрокредиттер берилген. 2010-жылы 801 үйбүлөдөн 2370 бала, 2011 жыл 1123 үйбүлөдөн 3142 бала тамеки плантацияларындагы оор жумуштан бошотулган.

«Ошондой эле, 2005 жылдан 2012 жылга чейин жалпысынан 85552 бала оор абалдан куткарылган», - А Токтогулов.

Анын айтымында мындай  көрсөткүчкө «Тамеки талааларында өспүрүмдөрдүн эмгегин кыскартуу» долбоорунун алкагында социалдык микрокредиттерди берүү менен жетишкен.

«2013 жылы Ноокат районунан 86 үйбүлө Ала-Букадан 27, Араван районунан 19 үйбүлө жана Кадамжай районунан 15 үйбүлөгө финасылык  жардам көрсөтүлгөн. Жалпысынан 147 үйбүлө жакырчылыктан куткарылган. Бул микрокредит алган 968 адамдын 15% гана», - деп кошумчалады Токтогулов.

Ал ошондой эле 2013 жылы тамак ашка болгон баалардын өсүшү, инфляция жана кредитердин аз өлчөмдө берүүлүсү үйбүлөлүк жакырчылыктан чыгуу жана өспүрүмдөрдү оор эмгектен куткаруу процессине терс таасирин тийгизип жаткандыгын айтып өттү.

Сүрөт ru.tsn.ua сайтынан алынган.

Поделиться новостью: