КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 11:29 | 24 аяк оона

Транспорт министрлиги «Түндүк-түштүк» алтернативалык жолун курууга даярдык көрө баштады

Дата: 16:25, 14-02-2014.

« «Түндук- түштүк» алтернативалык жолун  Балкычы-Кочкор-Арал-Нарын жана Казарман-Көк-Арт-Жалал-Абад ашуусу маршруту боюнча куруу сунушталган. Азыр,  Казарман - Жалал-Абад, 291-433 километрлери жана Балыкчы - Арал 183-195 километрлери боюнча курулуш иштерине даярдыктар жүрүүдө», - деп билдирди чиновник.

Анын сөзүнө караганда, курулуш мезгили башталышы менен, Казарман-Жалал-Абад тилкесинде иштер башталат.

2013-жылдын аягында, парламент Кытай Экспорттук-импорттук банкынын жол курулушка берилген жеңилдетилген насыясы жөнүндө келишимди ратификациялаган.  Өткөн жылдын 26-декабрында ал күчүнө кирген. Трассанын узундугу 433 километрди түзөт. Жол үч этапта курулат. Биринчи фаза 154 км узундугунда. Жол курулушунун наркы $400 млн түзөт. Экинчи фаза: 96 километрдик тилке, 0,7 километрлик туннелдин курулушун камтыйт. Наркы $284 млн. Үчүнчү фаза: 183 км түзүп, наркы $166 млн турат.

Поделиться новостью: