КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 21:36 | 21 аяк оона

Ысык-Көл көлүнүн деңгээли 10 жыл аралыгында 80 сантиметрге көтөрүлдү

Дата: 11:04, 09-10-2014.

Бишкек. 9-октябрь. КирТАГ - Бакыт Толканов. Ысык-Көл көлүнүн деңгээли 2000-жылдан бери 80 сантиметрге көтөрүлдү. Бул тууралуу КырТАГга КР ӨКМ караштуу «Чолпон-Ата» көлдүк обсерваториясынын башчысы Геннадий Шабунин билдирди.

«1928-жылдан 2000-жылга чейин Ысык-Көлдүн деңээли 3,3 метрге төмөндөп, бирок акыркы 10 жылдан бери суунун деңгээли кескин түрдө 80 сантиметрге көтөрүлгөн. Акыркы 4-5 жылдан бери суу деңгээли өзгөрүүсүз», - деди Шабунин.

Анын сөзү боюнча, чукул өзгөрүлүш боюнча эки гипотеза бар – активдүү суу топтому жана климаттык себептер.

Поделиться новостью: