КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 11:41 | 18 жетинин айы

Ысык- Көл обласытынын чек ара аймагында атышуу болуп, мерген чарбасынын кызматкери окко учкан. Дагы эки тартип бузуучуга атышуу учурунда ок тийди

Дата: 13:27, 23-01-2014.

Бишкек. 23-январь. КирТАГ - Ыссык- Көл областтык чек ара тилкесинде тартип бузуучулар менен чек арачылар ортосунда атышуу болуп, мыйзамсыз аракет кылгандар атылып өлтүрүлдү. Бул тууралуу  Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынын коомчулук менен иштешүү  бөлүмүнөн билдиришти.

«2014-жылдын 23-январында Ысык-Көл областтык чек аралык тилкесинде белгисиз адамдар менен чек арачылар ортосунда атышуу болду. Чек арачыларга түшкөн маалыматка ылайык, алар мерген чарбасынын кызматкерин өлтүрүп анын мергенчилик мылтыгын тартып алышкан.”, - деп жазылат маалыматта.

Окуя болгон жерге келген чек арачыларга, белгисиз адамдар тарабынан ок атылган.

«Ок атышуудан эки мыйзам бузуучулар өлтүрүлдү. Азыр, кылмышкерлер чек арачылар тарабынан «Пикертык» тилексинде курчоого алынган», - деп билдиришет мамлекеттик чек ара кызматынан.

Окуя болгон жерге Чүй областтык чек арачыларынын атайын аскерий бөлүмү учуп бармакчы.

Сүрөт novostimira.com сайтынан алынган

Поделиться новостью: