КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 8:21 | 17 жетинин айы

Жаздан тарта КМК көлөмүн жогорулатуу үчүн, 100 миңге жакын кыргызстандык аз камсыз болгондордун тизмесинен чыгарылды - Сариева

Дата: 15:32, 03-12-2014.

Бишкек. 3 - декабрь. КирТАГ – Альбина Метерова. 100 миңге жакын кыргызстандык аз камсыз болгондордун тизмесинен чыгарылды. Бул тууралуу КР вице-премьер-министри Эльвира Сариева шаршемби күнү парламенттин жыйынында билдирди.

«Жаздан тарта КМК көлөмүн жогорулатуу максатында негизсиз жардам алып жүрүшкөн 100 миңге жакын кыргызстандык аз камсыз болгондордун тизмесинен чыгарылды», - деп билдирди ал.

Ал түшүндүргөндөй, үнөмдөлгөн каражаттарды социалдык өнүктүрүү министрлиги 2015-жылдын март айынан тарта кепилденген минималдык кирешенин (КМК) көлөмүн жогорулатууга жумшоого ниеттенүүдө.

«Өз сунушун мекеме каржы министрлигине жөнөткөн эмес, бирок кепилденген минималдык кирешенин көлөмү жазында көтөрүлөт», - деди Э. Сариева.

Мурда жыйындын жүрүшүндө каржы министри Ольга Лаврова учурда 715 сом түзүп турган КМК көлөмүн жогорулатуу үчүн казынада акча жок экендигин айткан.

«Социалдык өнүктүрүү министрлиги кайрылып, 2014-жылдын ноябрь айынан тарта КМК көлөмүн 10%га көтөрүп берүүнү суранган. Бирок ал учурда каражат жок болчу. Азыр деле жок. Ошондой эле божомолдонуп жаткандай 2015-жылдын март айында КММ көлөмүн көтөрүүгө деле каражат таап чыгуубуз күмөн», - деп билдирди Лаврова.

Поделиться новостью: