КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 0:54 | 24 аяк оона

Жеке мүлктөрүн коргоо үчүн жарандарга курал алып жүрүүгө уруксат берилиши керек - Феликс Кулов

Дата: 13:51, 14-03-2014.

«Биз жеке мүлктөрүн коргоо үчүн жарандарга курал алып жүрүүгө уруксат берүүнү сунуштайбыз», - дейт Кулов.

Сунуштап жаткан мыйзам боюнча, жаран өз мүлкүн коргоо алдында бирөөгө оор жаракат келтирсе же адам өлүмүнө себепкер болсо ал жаранга кылмыш иши козголбошу керек.

«Муну менен биз КР кылмыш кодексине «коргонуу зарылчылыгы» деген түшүнүктү киргизген болобуз», - деп кошумчалады Кулов

Фракция лидери « Ар бир жаран өзүнө тиешелүү ар кандай мүлктү коргоого укуктуу болушу керек», - деп айтып өттү.

Анын сунушун депутат Турсунбай Бакир уулу колдоого алды. Ал Кыргызстанда оңой мал мүлккө ээ болгусу келип, кезектеги төнкөрүштү чыдамсыздык менен күтүп жаткандар да жок эмес экендигин айтып өттү.

«Эгер кандайдыр бир баш аламандык башталса элдер дүкөндөрдү талап тоноого чуркашат. Эгер сунушталып жаткан мыйзам долбоору күчүнө кирсе мародерлор, талап тооночулар ок астында калат», - дейт ал.

Талкуунун жыйынытыгында депуттатар «КР кылмыш кодексине өзгөртүү жана кошумчалар киргизүү» боюнча мыйзам долбоорун жактырышты.

Сүрөт ura-inform.com сайтынын алынган.

Поделиться новостью: