КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 13:49 | 25 аяк оона

Жеки Чандын кыргызстандык күйөрманы кумиринин туулган күнүнө чакырылып, Пекинге учуп кетти

Дата: 18:00, 08-04-2014.

«Китайда англис тилинде «Жеки Чандын чыгармачылыгы менин жашоомо кандай таасир тийгизди» деген темада дил баян, сынак болуп өттү. Конкурстун жыйынтыгы боюнча, дүйнө боюнча 500 фанаттын ичинен бир эле Алмахан Мусаевага Жеки Чандын туулган күнүнө катышуу насип кылды. Ал ишемби күнү Пекинге учуп кетти», - кабарлады А.Каримова.

Анын айтымында, Китайда актердун 60 жашын белгилөө үчүн Пекинде масштабдуу программа даярдалган, иш чаранын уландысы Шанхайда өтөөрү күтүлүүдө.

Белгилүү Жеки Чан - актер, каскадер, кинорежиссер, продюсер, сценарист, трюк аткаруучу, жана ырчы катары элге таанымал. Ал 1954 жылдын 7 апрелинде Гонконггдо кытайлык үйбүлөдө туулган.
Жеки Чан өзүнүн чыгармачылык карьерасында 100 дөн ашык фильмге тартылган. Ал картинадагы баардык трюктарды өзү аткарган.

Поделиться новостью: