КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 17:37 | 19 жетинин айы

Жеки Чандын туулган күнүнө кыргызстандык күйөрманы калпак белек кылды

Дата: 13:57, 14-04-2014.

«Мен Кытайга Жеки Чандын туулган күнүнө кыргыз сувенирлерин ала бардым, юбилейге келген коноктордун баары белектерин бир жерге чогултушту. Мен кыргыздын улуттук баш кийими калпакты Жеки Чанга өз колум менен тапшырдым», - деп билдирди Алмахан Мусаева КирТАГга берген интервьюсунда.

Анын айтымында, Жеки Чан туулган күнүнө карата конкурс уюштуруп,  жеңүүчүгө туулган күнүнө чакыраарын окучу кызы Жамиладан уккан. Чоң мүмкүнчүлүктү ага кабарлаганы үчүн окуучусуна ыраазычылык билдирет.

« Жеки Чандын чыгармачылыгы менин жашоомо кандай таасирин тийгизди деген темада кыскача дил баян (сочинение) жазыш керек болчу. Мага бул нерсе лотереяга чыккандай эле болду. Жеки Чан өзү Кытайлык күйөрмандар үчүн 500 орун жана дүйнөлүк фанаттары үчүн ажыратылган миң анкетанын ичинен меникин да тандаптыр. Талапка ылайык, кичинекей окуя жазып, 14 февралга чейин көрсөтүлгөн дарекке салып жибериш керек эле. Мага чакыруу 21 февралда келди. Бул мага чексиз кубаныч тартуулады, сапарга аттанаар алдында аябай толкундандым. Мен «Тынчтык жана сүйүү» туруна туш келип калыптырмын», - дейт ал.

Анын айтымында, А. Мусаева Пекин жана Шанхайда 6 апрелден 10 апрелге чейин өткөрүлгөн турга катышкан. 6 апрель күнү Пекинде Кытай жана Кореядан жана башка өлкөлөрдөн келген ырчылардын катышуусунда концерт уюштурулган.

«Жетинчи апрель Жеки Чандын туулган күнүндө кирүүгө тыюуу салынган жерге, Пекиндин жүрөгүнө экскурсияга бардык. Андан кийин, Жеки Чандын фанаттары менен жолугушуу болду. Жолгуушдан унутлугус сезимдер калды. Жеки Чан ар бир күйөрманы менен сүрөткө түштү», - деп маалымдады А.Мусаева.

Ошондой А.Мусаева, жолугушууда коноктор кытайдын улуттук тамактары менен сыйланганын, 8 апрелде турдун катышуучулары тез жүрүүчү поезд менен Шанхайга барып, шаардын түнкү көрүнүшүнө күбө болушканын айтып өттү.

«Жээкте болгон саякат эстен кеткис деңгээлде уюштурулуптур. Кийинки күн, 9 апрелде Жеки Чандын фильмдери сакталган музейге бардык. Ал жерден актер катышкан акыркы кинолорду көрдүк. Анан ал фанаттары менен коштошууга чыкты», - деп кошумчалады ал.

Анын айтымында, иш чарага бир канча аткаруучулар, актерлор жана анын катардагы достору келишкен.

«Аны ЮНИСЕФтин өкүлү  кайрымдуулук иштери үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ал жерде актердун уулу Джейси Чанда болду» - дейт А.Мусаева.

«Сүйлөшүү, мамилесине көрүп Жеки Чан жөнөкөй, дили таза дам экенин билдик. Ал фанаттарын менен жылуу мамиледе болду. Бул жолугушуу унутулгуз болуп эсте калды. Туулган күндө белектер ойнотулду. Баарыбызга турдун кызыл курткасын белекке беришти. Баары эсте калаарлык, унунтулгус болду», - деп ой бөлүштү А.Мусаева.

Белгилей кетсек Жеки Чан актер, каскадер, кинорежиссер, продюсер, сценарист, трюк аткаруучу Жеки Чан 1954 жылдын 7 апрелинде Гонконгдо кытайлык үйбүлөдө туулган. Жеки Чан чыгармачылык карьерасында 100дөн ашык фильмге тартылган. Картинплардагы трюктардын баарын өзү аткарган.

Поделиться новостью: