КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 19:48 | 21 аяк оона

Жыл ичинде уюлдук байланыш абоненттери операторлор менен келишим түзүүгө милдеттүү - МБА

Дата: 11:14, 04-03-2014.

«Өз номурун каттоодон өткөрбөгөн жарандарга жыл ичинде уюлдук операторлор менен келишим түзүүгө мөөнөт берилет. Бул аралыкта келишим аткарылбаса мыйзамга ылайык, уюлдук түйүн кардардын байланышын чектеп коёт», - дейт Бекташев.

Анын сөзүнө караганда, 16 жашы жете элек өспүрүмдөр колдонгон номур алардын ата-энелерине катталат.

«Бул ата-энелердин балдарын көзөмөлдөөгө жакшы жардам берет. Анткени, келишим түзгөн жарандын, абоненттин уруксаты менен гана уюлдук оператордун кызматын колдоно алат. Мисалы: интернетке кошулуу», - дейт Бекташев.

Белгилей кетсек, 8-марттан тартып SIM -карта сатып алуу келишим аркылуу жүргүзүлө баштайт. Өкмөттүн «радио телефон байланыш кызматын көрсөтүү эрежелерин бекитүү» тиийштүү токтому ушул жылдын 17-февралында күчүнө кирген.

Поделиться новостью: