Асынып алган прокурор эмгек өргүүсүнөн кийин бүгүн ишке чыгыш керек эле

Дата: 16:08, 10-09-2018.

Бишкек. 10 - сентябрь. КирТАГ - Альбина Метерова. Ош облусттук прокурору Боконбай Казаков орун басары Торо Кожошевдин өлүмүн иликтөөнү жеке көзөмөлүнө алды. Маалыматты КирТАГга Ош облусттук ИИБгы тастыктады.

«Окуя болгон жерде эки тергөө тобу иштеп жатат. Ишти иликтөөнү Ош облусунун прокурору жеке көзөмөлүнө алды», - деп маалымдады ИИБ.

Азырынча суициддин себептери аныктала элек.

Каза болгон прокурордун орун басары Торо Кожошев 54 жашта болчу. Ал үйбүлөсү менен Фуркат айылында жашаган. Жубайы менен алты баланы тарбиялаган. Кожошев эмгек өргүүсүндө болуп, бүгүн ишке чыгат дегенде асынып алганы аныкталды.

Эске салсак, бүгүн эрте менен Ош шаардык прокурорурун орун басары Торо Кожошев үйүндө асынып алган.

Поделиться новостью: