Бишкек шаардык соту экс-мэр Кулматовду камакта калтырды

Дата: 13:29, 11-09-2018.

Бишкек. 11 - сентябрь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Бишкек шаардык соту Кубанычбек Кулматовдун арызын четке кагып, аны 28-сентябрга чейин камакта калтырды.
Чечим соттун бүгүнкү отурумунда кабыл алынды.

Эскерте салсак, Кулматов коррупция беренеси менен айыпталып,5-июнда камакка алынган.

Укук коргоо органдарынын версиясы боюнча Кулматов Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде ТBEA компаниясы тарабынан эки мектептин курулушуна берилген 2 миллион долларды мыйзамсыз пайдаланган.

Коррупциядан тышкары мыйзамсыз түрдө Россия жарандыгын алган деп да айып тагылган.
.

Кулматов өзү тагылган айыптар менен макул болбой келет.

Поделиться новостью: